• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто аялынын каза болгонун эч кимге айтпай, үйүндө эки күн кармаган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда үйдөгү чыккан жаңжалдан улам күйөөсү аялын ур-токмокко алып, аял көз жумган. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 19-февраль күнү болгон.

Алгачкы тергѳѳ иштери кѳрсѳткѳндѳй, 1973-жылы туулган Э.А., ѳзүнүн аялы 1984-жылы туулган М.Г., менен ошол күнү саат 18.00 чамаларында чырдаша кетип, аны ур-токмокко алган. Натыйжада, жабырланган аялы оор абалда диванга жаткан боюнча турбай, каза болгон. Ѳз түшүндүрмѳсүндѳ кылмышка шектүү Э.А., аялы ошол күнү апасынан 500 сом акча алып чыгып кеткендигин жана келгенде ал акчаны эмнеге коротконун айтпагандыган улам жана ошондой эле мас абалда келгендигинен улам жаңжал чыгып кетип, ургандыгын айткан.

Кылмышка шектүү Э.А., аялы каза болуп калса дагы, тез жардам кызматын, милиция органдарын чакырган эмес. Ал эми милиция бөлүмүнө бул тууралуу билдирүү эки күндөн кийин белгилүү болгон. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маалыматтын чын экендигине күбѳ болушкан.

Кылмышка шектүү жаран сасык тумоо болуп ооруп, аялынын каза болуп калгандыгын милицияга билдиргенге мүмкүнчүлүгү болбой калгандыгы менен түшүндүрдү.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ош шаардык соту кылмышка шектүүнү тергѳѳ мѳѳнѳтү аяктаганга чейин 2 ай абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий