• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто "Amanat City Run" эл аралык жарым марафону өттү

Аймак 0

Бишкек, 08.05.23./Кабар/. Ош шаарында алгачкы жолу “Amanat City Run” эл аралык массалык жарым марафону болуп өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жарышта Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 1500дөй адам күч сынашты. Жөө күлүктөр 3, 10,5, 21 чакырым аралыктарды багындырышты.

Ошондой эле 3 жаштан 10 жашка чейинки "Amanat Kid’s Run" балдардын жарышы да өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр медаль, акчалай сыйлыктар жана демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чараны Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен "Аманат сити" курулуш компаниясы уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий