• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто атасынын шалаакылыгынан унаа баланы тебелеп кетти, ал ооруканадан көз жумду

Кырсык 0

Ош, 02.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ошто эки жаштагы баланы унаа басып калып, алган жаракаттан улам ооруканада көз жумду. Бул тууралуу шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Каргашалуу окуя 1-мартта болжол менен саат 15:00дө болгон. Милициянын маалыматы боюнча 27 жаштагы киши “Мерседес-Бенц 270” үлгүсүндөгү унаасынын үйүнүн жанына токтотуп койгон. Ал унаасын нейтралдуу абалга коюп, үйүнө кирген. Ал убакта унаа артка жүрүп ойноп жүргөн эки жаштагы баланы тебелеп кеткен.

Ата-энеси баланы ооруканага алып барышкан, бирок бала алган жаракаттан улам каза болуп калган.

Атасы милиция кызматкерлерине билдиргендей, үйүнө зарыл иштери менен келип, унааны тормозго коюуну унутуп калган.

Каза болгон бала үй-бүлөдө жалгыз уул болгон. Жубайлардын дагы эки кызы бар.

Пикир

Оставить комментарий