• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто аткезчилик жол менен ташылып келген балдар кийимдери аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Ошто аткезчилик жол менен ташылып келген балдар кийимдери аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысында Volvo үлгүсүндөгү унаа текшерилип, унаадан декларацияланбаган ар бир кутуда 20 даанадан 50 коробка өлчөмүндө балдардын костюм-шымдары табылган. Товардын жалпы салмагы 432 кг болгон.

Факт маалыматтык каттоо журналына катталып, материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий