Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Кечээ, 22-июлда Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары (анын ичинде ата-энесинен ажыраган балдар) Чолпон-Атадагы “Алтын Балалык” санаториясына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, эс алуу шаардык мэрия тарабынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду.
"Жалпысынан экинчи агымдын алкагында 25 бала жиберилди. Анда балдар 10 күн эс алып, аларга социалдык, медициналык жардам жана колдоо көрсөтүлөт", - деп кошумчалашты муниципалитеттен.
Белгилей кетсек, балдардын биринчи тобу 18-июнда жөнөтүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий