• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ноокатта Найман суу сактагычына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Ноокатта Найман суу сактагычына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Кайрагач айылында 1994-жылы туулган К.Э. аттуу эркек киши Найман суу сактагычына чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 12 куткаруучу тартылып, саат 11:05те ал жарандын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий