• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө селдин кесепетинен 8 жашар бала каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Өзгөндө селдин кесепетинен 8 жашар бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-майда саат 13:20 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Большевик айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн. Ошол учурда жеринде кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы У.А. аттуу баланы сел суулары агызып кеткен. Бала туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болуп калган.

Пикир

Оставить комментарий