• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто дайынсыз жоголгон адам 17 күндөн кийин каналдан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-май күнү Ош шаарынын 33 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жарандын жеңил унаасы базардын жанынан аккан Кайырма суусунун жээгинен табылган.

“Бүгүн, 8-июнда Кара-Суу районунун Кыргызстан айылындагы Кайырма каналында адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар адамдын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий