• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Оштогу Кыргыз-Өзбек Университетинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдер жана студенттер катышты.

Анда Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн 13 улуттук маданий борборлорунун көргөзмөсү уюштурулду.

Айтмамат Кадырбаев өз тилин көздүн карегиндей сактоо менен башка улуттун эне тилине аяр, сый-урмат менен мамиле кылуу Кыргызстандын бардык жашоочусунун жарандык милдети экендигин билдирди.

“Бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө «Эл аралык Эне тил күнү» белгиленүүдө. Тарыхка кайрыла турган болсок, 21-февраль - Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган.

Бул датанын майрам катары тандалып алынышынын себеби - 1952-жылы 21-февралда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылып көтөрүлүшкө чыгышып, полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан жана ушул тарыхый күн эне тил күнү катары бүгүнкү күнгө чейин белгиленүүдө. Демек, урматтуу студент достор, ар бир улуттун эне тилинин орду, мааниси үчүн өмүрүн берген патриот жаштардын эрдиги ар бирибиз үчүн терең сабак болушу керек. Биз эне тилибиз аркылуу инсандык касиетке ээ болобуз, ал эми көп тилдүүлүк аркылуу жакындашып, достошобуз, дүйнө тааныйбыз жана мамлекетибиздин жараны катары калыптанып келебиз.

Улуттар аралык достук жана биримдик - Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүнүн эң негизги приоритети катары каралып келет, анткени сыймыктуу Ош шаарыбыз бир эле Кыргызстанда эмес, Борбордук Азия чөлкөмүндө көп улуттардын каада-салтынын жана тилдеринин консолидациясына айланган Улуу Жибек жолундагы тарыхый жана маданий борбор болуп эсептелинет. Ошондуктан, биздин шаарда «Эл аралык Эне тил күнүн» белгилөө - өзгөчө символикалуу десек жаңылышпайбыз”,-деди шаар мэри.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Айтмамат Кадырбаев Улуттар аралык достук жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир нече Ассамблеянын өкүлдөрүнө төш белгилерди жана Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнө акчалай сыйлык тапшырды.

Майрам улуттук маданий борборлордун үрп-адаттарынан сахналык көрүнүштөр концерттик программалар менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий