• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто франкофония жумалыгын өткөрүү пландалууда

Саясат 0

Ош, 19-апрель /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында франкофония жумалыгын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыровдун КРдагы Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Микаэль Ру Кыргызстандагы француз элчилигинин ишмердиги, ал Франциянын КРдагы 3-элчиси экендиги тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, дипломат эки өлкөнүн кызматташуусунун потенциалдуу тармактары: экономика, тил, маданият, билим берүү жана башкалар жөнүндө айтып берди. Кыргызстандын француз тилин окуган студенттеринин Францияга жана франкофондуу өлкөлөргө барып окуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. М.Ру француз тили дүйнөлүк талап кылынган тилдердин үчүнчүсү экенин айтты.

Өз кезегинде, Нурбек Кадыров кыргыз тарап эки жактуу мамилелердин мындан аркы бекемделишине жана кеңейишине кызыкдарлыгын белгилеп, Ош шаарында франкофония жумалыгын өткөрүү тууралуу билдирди. Мындан тышкары, француз Ош шаары менен Кыргызстандын Ош шаары келечекте боордош шаарларга айланышына ишеним билдирди.

Жыйынтыгында тараптар өз ара ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий