• 84.45
  • 88.02
  • 1.37

Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тосмолорунун мыйзамдуулугу текшерилүүдө

142 кароо Аймак 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бардык орнотулган тосмолорунун мыйзамдуулугун текшере баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын алкагында курулуш компаниялардын сатуу бөлүмдөрү жайгашкан муниципалдык жер тилкелерине, ошондой андагы жарнак такталарынын жана курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тосмолоруна орнотулган жарнак баннерлеринин мыйзамдуулугуна өзгөчө көңүл бурулууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар компанияларга жогорудагы жагдайларды мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилди.

Курулуш ишканаларынын жетекчилери бул иш аракеттерге түшүнүү менен мамиле жасап, Ош шаарынын мэриясынын тартипти орнотууга багытталган мыйзамдуу кадамдарын колдой турганын белгилешет.

Пикир

Оставить комментарий