• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Кыргызстан жаштарынын Республикалык III конгресси башталды

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында Кыргызстан жаштарынын Республикалык III конгресси башталып. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, жаштар тематикалык тобунун төрагасы Бактыбек Кайназаров, өлкөнүн жети дубанынан келген 100дөн ашуун жаш активисттер катышты.

Жаштардын башын бириктирген конгресстин алкагында эки күн бою жаш муундардын арасында санариптик сабаттуулукту арттыруу, ыктыярчылык, билим берүүнүн заманбап чакырыктары, элет жаштарынын көз караштары тууралуу панелдик сессиялар өтүп, бир топ маселелер талкууланмакчы.

Эки жыл сайын өтүүчү конгресс, жаш муундардын билим алуусун калыптандырууга, аң сезимдерин өнүктүрүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий