• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов, тиешелүү мекеме ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер жана студенттер катышты.

Н.Кадыров мамлекеттик тил күнү өзгөчө майрам экенин белгилеп, ар бир кыргыз жаранын мамлекттик тилди өнүктүрүүгө чакырды.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече кызматкерлерге мэриянын ардак грамоталары жана баалуу белектери ыйгарылды. Ошондой эле, жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектер тапшырды.

Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин, Ош кыргыз улуттук драмалык театрынын артисттеринин, окуу жайлардын чыгармачыл топторунун коштоосунда сахналаштырылган көрүнүштөр, концерттик программа менен коштолду.

Ошондой эле, катышуучуларга атайын китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий