• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто посттордон өткөн дарыгерлердин жанында кандай документтери болушу керек? Коменданттын жообу

Аймак 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов медицина кызматкерлери посттордон өткөндө кандай документтери жанында болушу керектигин айтты.

Ал маалымдагандай, шаардан кандайдыр бир иштери менен чыгып, кайрадан кирүүнү каалаган медицина кызматкерлерин санитардык-карантиндик посттордон өткөрүүгө тоскоолдук жок.

"Болгону, аларда медкызматкер экендигин тастыктаган документи жана паспорту болушу керек”, - дейт Нурдинов.

Ошондой эле Ош шаарынын коменданты төрөт үйүнөн чыга турган айымдар менен наристелерди төрөт үйдүн медкызматкерлеринин коштоосунда атайын медициналык унаа менен үйлөрүнө жеткирип барууга жардам берилерин айтат.

Эскерте кетсек, түндө Ошто коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды.

Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 5 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий