• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда “Коопсуздук - 2023” машыгуусу жыйынтыкталды — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Жалал-Абадда “Коопсуздук - 2023” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн, 27-апрелде өлкөгө куралдуу кылмышкерлер кол салган учурда, массалык башаламандыктар орун алганда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын аткара турган жумуштары практика түрүндө көрсөтүлдү.

Практикалык машыгууга КР куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчиси Жеӊишбек Абитов катышты.

Машыгууга активдүү катышкандар бир катар сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий