• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 95 жаран кармалды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бүгүн саат 07:00гө карата Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 95 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

"Бир күн ичинде Жалал-Абад облусунда 18 кылмыш катталды, анын ичинен 16 кылмыштын бети ачылды. 16 кылмыштын ичинде оор, өзгөчө оор кылмыштар жок. Бирок, туура эмес, такталбаган маалымат тараткан эки факты аныкталды. Ал маалыматтарды ким таратканы аныкталып, такталды. Алар боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда коменданттык саат учурунда 95 жаран кармалды. Алар өздүктөрү аныкталып, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин кое берилди", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 116ге жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий