• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто шайлоо өткөрүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 02.04.21./Кабар/. Күн мурун, 1-апрелде Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы А. Мамасейитов, УКМКнын Оштогу жетекчилиги, шаар прокурору, Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилер катышты.

Негизги маселе катары 11-апрелде өтүүчү Ош шаарындагы жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоону жана референдумду өткөрүүдө коомдук-саясий кырдаалдын жана коопсуздукту камсыздоо, шайлоо өткөрүүгө даярдык, санитардык талаптар боюнча маалыматтар айтылды. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жарандардын шайлоо укуктары камсыз кылынышы керектигин айтып, партиялардын мыйзам бузганы анык болсо чара көрүү зарылдыгын билдирди.

“Бардык партияларга бирдей мамиле жасалышы керек. Азыр жергиликтүү бийликке ар кандай дооматтар айтылып жатат. Шайлоо таза өтүшү керек. Өлкө башчыбыздын да талабы шайлоону таза өткөрүү. Бул жерде мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы болуш керек”, - деди калаа башчысы.

Маселелер талкууланып, Координациялык кеңештин мүчөлөрү бир нече чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий