• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто цехтен өрт чыгып, Өзбекстандын үч жараны жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан жеке менчик битум цехтин аймагында 16 чарчы метр кара чайыр күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен Өзбекстандын 48 жаштагы Ж.М. аттуу тургуну 12% күйүк, 30 жаштагы Р.Н. 8-10%, 45 жаштагы С.А. аттуу тургуну 7% күйүк алып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган

Пикир

Оставить комментарий