• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчү жол кырсыгынан каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын майору Максатбек Рахманжан уулу жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 607-чакырымында болгон. Ал Өзгөндөн Ошко келе жаткан

“Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал унааны башкара албай, унаа бир нече жолу оодарылып кеткен. Айдоочу унаадан секирген, бирок башы ташка тийген. Кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери жана дарыгерлер келгенге чейин эле ал каза болуп калган. Мүмкүн ал унааны башкарып баратып уктап кеткен, анткени ал абдан чарчаган болчу”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда автотехникалык жана соттук-медициналык текшерүүлөр дайындалган.

Маркумдун денеси анын туулуп өскөн жери Ноокат районунун Кеңеш айылында бүгүн жерге берилет. Анын артында төрт баласы калган.

Пикир

Оставить комментарий