• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жаштар арасында кичи футбол боюнча мелдеште 12 команда күч сынашты

Аймак 0

Бишкек, 29.09.18. /Кабар/. Оштогу “Динамо” спорт комплексинде жаштар арасында кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ага шаардагы ар бир аймактык кеңештердин 10-11-класстын окуучуларынан куралган 12 команда катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров акыркы жылдары Ош шаарынын спортчулары мыкты жетишкендиктерге жетип жатканын, жаштарды ынтымакка, биримдикке жана спорт менен машыгууга чакырды.

“Мелдештин максаты кичи футбол аркылуу жаштар арасында ынтымакты, биримдикти, достукту күчөтүү, аймактык кеңештер арасында биримдикти жайылтуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп эсептелет”,-деди шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

Турнирдин жыйынтыгында, 3-орунду “Достук” аймактык кеңешинин, 2-орунду “Амир-Тимур” аймактык кеңешинин жаштары ээлесе, 1-орунду “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын командасы багындырды.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер ыйгарылды.

Ошондой эле, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты коргоочу”, Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты дарбазачы” номинациялары тандалып, дипломдор, белектер тапшырылды.

Спорттук иш-чара шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий