• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто жол жээгиндеги мыйзамсыз соода түйүндөрү дыкат текшерүүгө алынат

Аймак 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Ош шаарынын Достук аймактык кеңешине караштуу Курманжан-Датка, Мамажан көчөлөрүндө жайгашкан курулуштардын мыйзамдуулугу текшерүүгө алынып, рейд жүргүзүлдү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, мамлекеттик экотехинспекция, шаардык архитектура, муниципалдык менчик башкармалыгы,ветеринария, ички иштер башкармалыгы, жол кайгуул кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Курманжан-Датка көчөсүндө акыркы жылдары соода түйүндөрү көбөйүп, базарга айланып бара жаткандыгын белгилеп, иретке келтирүү багытында ар бир курулуш дыкат көзөмөлгө алына тургандыгын билдирди.

“Курманжан-Датка көчөсү статегиялык жол болуп эсептелинет. Андыктан шаардын негизги көчөлөрүн иретке келтирип, тейлөө маданиятын жогорулатуу зарыл. Учурда жөө адамдар жүрүүчү жолго чыгып кеткен, жеке турак жайларын уруксатсыз соода түйүнүнө айландырган жайлар менен иш жүргүзүп жатабыз. Мыйзам чегинде иштеп жаткан жеке ишкерлер ар дайым колдоого алынат, ал эми уруксатсыз иш жүргүзүп жаткандарды комиссиянын отурумунда карап чыгып, мыйзам чегинде чара көрүлөт ” – деди З.Аскаров.

Рейддин жүрүшүндө 100го жакын соода түйүндөрү текшерүүгө алынып, 20сы жабылса, 30на эскертүүлөр берилди. Ошондой эле, дүкөндөргө илинген баннерлер алынып, тийиштүү кызматкерлерге шаардагы жол жээгинде жайгашкан баардык соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугун текшерүү талабы коюлду.

Мыйзамсыз, жол жээгинде курулуп, иш жүргүзүп жаткан соода түйүндөрүн текшерүү күн сайын уланат.

Пикир

Оставить комментарий