• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

С. Жапаровдун иши 12-июнга жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 6-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соту 12-июнга жылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Кенжебай Каипов кабыл алды.

Судья график түзүп, ага ылайык сот иши ар бир дүйшөмбү күнү саат 14:00дө өтө тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кармалып, УКМКга алынып келген. Ал барымтага алуу, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык кылуу, мамлекеттин кызматкерине зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча айыпталууда.

26-мартта ага айып тагылган.

Тергөө аныктагандай, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо каршылык акциясына чыккандар ошол кездеги Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктүү өкүлү Эмилбек Каптагаевди «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаага күч менен салып, аны барымтага алышкан. Күбөлөрдүн айтымында, митингге чыккандарга С. Жапаров телефон аркылуу Э. Каптагаевди коё бербей, атайын түзүлгөн пландын негизинде иш алып барууга чакырып түздөн-түз көрсөтмө берип турган. Милициянын ыкчам иш алып баруусунун негизинде Э. Каптагаев барымтадан бошотулган.

Э. Каптагав күчтөп салынган унаа С. Жапаровдун тууганы Б. Куланбаевге таандык болгон. Ал кийинчирээк Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлгөн. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий