• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштон Джиддага үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 04.07.23./Кабар/. Сауд Аравиясынын Flynas авиакомпаниясы 2023-жылдын август айында Джидда – Ош – Джидда багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, «Ош» эл аралык аэропортунан Абдулазиз падыша эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат.

Жаңы багыт боюнча биринчи авиакаттамдын болжолдуу убактысы 2023-жылдын 21-августу.

Джиддага каттамдарды Airbus A320neo учактары менен жумасына 3 жолу аткарылышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий