• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштун борбордук базары ирээтке келтирилүүдө

Аймак 0

Ош, 04.06.18. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук базары мыйзамдын алкагында ирээтке келтирилүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын укук тартип, коргоо жана өзгөчө кырдаал боюнча адиси Алтынбек Пирматов билдирди.

Анын айтымында, бир жарым ай мурда мэрдин тапшырмасы менен өрт коопсуздугу боюнча окуу өткөрүлгөн, анда өрт өчүрүүчү унаалар белгиленген жерге жете алган эмес. Ага байланыштуу соода түйүндөрүнүн кожоюндарына өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык, базар ирээтке келтирилээри тууралуу алдын ала эскертүү берилген.

“6-7 күндүн ичинде өрт коопсуздугунун талаптарына тоскоол болгон контейнерлер, соода түйүндөрү нормага ылайык көчүрүлүп азайтылат. Контейнерлер басууга тоскоолдук жаралбашы үчүн ошол эле борбордук базардын ичине жылдырылат”,-деп билдирди ал.

Жаңы жерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн жана санитардык нормалар талапка жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий