• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри “Алайдын” “Каганатка” каршы футболдук оюнуна катышты

Спорт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Кечээ, 16-мартта Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо “Алай” футбол клубу Шоро Премьер лигасынын жаңы сезонунун биринчи турунун алкагында “Каганат” футбол клубун кабыл алды.

“Алай” командасынын биринчи оюнунун ачылышына клубдун президенти – Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев катышып, эки команданын оюнчуларына ийгиликтерди каалап, бул жылы “Алай” командасы жаңы чыгып келе жаткан жаш оюнчуларга басым жасаганын белгиледи.

Беттештин жыйынтыгында “Алай” 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Эрлан Машрапов жана Эльдар Мамажунусов гол тебишти. Оюндун аягында “Каганат” командасынын оюнчусу Шерзот Шакиров бир гол тепти.

Эскерте кетсек, 19-мартта “Алай” ФК өзүнүн талаасында Канттык “Абдыш-Ата” командасын кабыл алат.


Пикир

Оставить комментарий