• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштун мэри ишкерлерди кафе-ресторандарынын астын оңдоого чакырды

Аймак 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын борбордук көчөлөрүндөгү кафе-ресторандардын, дүкөндөрдүн жана ар кандай жеке менчик ишканалардын ээлерин кабыл алды. Шаар мэри ишкерлердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар болбошу керектигин айтып, ишкерлер да салыкты өз убагында жашырбай төлөшү керектигин билдирди, - деп кошумчалайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Калаа башчысы жолугушуунун негизги максаты шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча экендигин билдирип, ишкерлерди иштетип жаткан имараттарынын алдын оңдоого чакырды.

“Шаардык мэрия жергиликтүү бюджеттин эсебинен мүмкүнчүлүккө жараша иштерди жасап жатат. Албетте жеке ишкерлерибиз да четте карап турбай, колдоо көрсөтүүдө. Мэрия ар дайым ишкерлерди колдоого даяр. Бирок шаардагы кафе-ресторандар, дүкөндөр, жеке менчик ишканалардын көпчүлүгүнүн алды кароосуз калып кеткен. Биз сиздерден өз алдыңыздардагы тротуарларды, лотокторду оңдоону суранабыз. Биз башка жайларды эмес, өз алдыңарды оңдоп-түзөөгө чакырабыз. Кафе-ресторандардын астында автоунаа токтоочу жайлар болушу шарт. Ошто болсо андай жайлар соода түйүндөрүнө айланган. Ошондуктан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Ишкерлер жардам катары өз ишканасынын астын оңдоп, тазалап, гүл өстүрсө да шаардын көркүнө көрк кошот. Өз каалооңуздар менен оңдогонуңуздар шаардыктарга шарт түзүүгө жардам болот. Ал эми мэрия тарабынан шаардыктарга шарт түзүү максатында жаңы бала бакчаларды, эс алуучу жайларды, жолдорду оңдоп жатабыз. Бул иштер уланат”, - деди мэр.

Шаар башчысы ишкерлерге тоскоолдуктар же коркутуулар болсо түз өзүнө кайрылууну билдирди.

“Ишкерлерге тоскоолдуктар же коркутуулар болбош керек. Кимдир бирөө мыйзамсыз тоскоолдуктарды жаратып жатса, анда түз мага кайрылгыла. Бизде мыйзам биринчи орунда турат. Сиздер да салыкты өз убагында төлөп, салыктан качпаңыздар. Салык элдин акысы”, - деп кошумчалары мэр Т. Сарыбашов.

Пикир

Оставить комментарий