• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Сузакта милиция сел каптаган турак жайларды тазалоого көмөктөшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Сузак районунда милиция сел каптаган турак жайларга жардам берүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-майдан 5-майга караган түнү Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарында нөшөрлөп катуу жааган жаандын кесепетинен бир канча турак үйлөрдү, социалдык объектилерди сел каптаган.

Буга байланыштуу Сузак РИИБдин жана Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматынын өздүк курамы сел каптаган аймакта кызмат өтөшүүдө. Алар селдин кесепетинен жабыр тарткан социалдык объектилерди жана жарандардын короо жайларын каптаган ылайды тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Кызматкерлердин эмгегине жергиликтүү тургундар ыраазы экендиктерин билдирип жатышат.

Пикир

Оставить комментарий