• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын мэриясы мототуризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

Аймак 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Кечээ, 27-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Швейцариянын “Alatoo-Moto” туристтик компаниясынын директору Бит Хирс менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Ош шаарында жана башка келечектүү аймактарда мототуризмди өнүктүрүү үчүн инвестиция жана туристтерди тартуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аталган туристтик компаниянын Ош шаарында өкүлчүлүгүн ачуу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий