• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун тургуну велосипед менен ажыга барып, 71 күн дегенде кайтып келди

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Эрмахаммат Тожимахаммат велосипед менен ажылык сапарга барып келди. Ал 2023-жылдын 4-майында ажылык сапарга аттанган.

Эрмахаммат Тожимахаммат Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн, 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди.

Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.

Пикир

Оставить комментарий