• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун жетекчиси элге кайрылып: Азыр той өткөрчү мезгил эмес, токтотуп тургула

Аймак 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев бүгүн "7-каналдын" түз эфиринде облуста киргизилген акыркы чектөөлөр тууралуу маалымат берди.

Өкүлдүн айтуусуна караганда, 10-июлдан тарта облустар аралык каттамдар убактылуу токтотулуп, ар бир райондун кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлгөн.

"Ош облусунун аймагындагы базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү иштебейт, дезинфекцияланат. Андан тышкары, аш-тойлордун өткөрүлүүсүнө тыюу салынган", - дейт облус жетекчиси.

Жылкыбаев өз сөзүндө жаратылышта чогулуп алып ар кандай майрамдык иш-чараларды өткөргөн фактылар катталгандыгын айтып, той-аш өткөрүүнү пландап алган элге кайрылуу жасады.

"Коронавирус илдети менен дүйнө эли күрөшүүдө. Учурдагы кырдаалда той берем деген туура эмес. Канчалаган мекендешибизден айрылып отурабыз. Тойду токтотуп туруу керек. Бул күндөр да өтөт, азыр учурдагы кыйын кырдаалдан аман-эсен чыгууну ойлонуу керек. Тойго кетчү каражатыңар болсо, анда соопчулук үчүн ооруканада, үйүндө кыйналып жаткан жарандарга таратып бериңиздер. Тойдун мааниси элдин батасын алуу эмеспи, ошондуктан баарыңыздарды тойду, куран окутууларды убактылуу токтотуп турууга чакырам", - деген Жылкыбаев облус тургундарын ден соолуктарына кам көрүп, үйдө болууга үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий