• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Осмонбек Артыкбаев учурда ооруканада, операцияга даярданууда

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Мурдагы энергетика министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев операцияга даярданууда жана учурда М.Миррахимов атындагы клиникада жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Артыкбаевдин жактоочуусу Айжан Орозакунова билдирди.

Жактоочу депутат Артыкбаев дайынсыз жана ал Кыргызстандын бир да ооруканасында жок деп айрым ЖМКда жазылган маалыматты төгүндөдү.

“Осмонбек Артыкбаев стационардык текшерүүдөн өтүүдө жана учурда Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборуна дарыланууда”, - деп билдирди жактоочу.

Пикир

Оставить комментарий