• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакистанда кар көчкүдөн кеминде 57 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Пакистандын Азад Кашмир тоолуу аймагындагы кар жана жер көчкүдөн кеминде 57 адам каза болуп, 42 жаран жабыркады. Бул тууралуу Radio Pakistan билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин Пакистандын аймагында кардын жана жамгырдын нөшөрлөп жааганынан 41 адам көз жумган. Ал эми Азад Кашмирде 15 адамдын каза болгону айтылган.

Жамму менен Кашмир штатында кар көчкүдөн дагы 9 адам метр кеткен.

Radio Pakistan`дын маалыматында, кар көчкүдөн 45 турак үй жабыр тарткан.

Пикир

Оставить комментарий