• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламентте М.Бакиевдин жер тилкеси тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын угуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Бүгүн парламентте жыйындын жүрүшүндө депутаттар Башкы прокуратуранын М.Бакиевдин Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндө жайгашкан жер тилкеси боюнча маалыматын угуу сунушталды.

Депутат Данияр Аттокуров белгилегендей, азыркы учурда аталган маселе боюнча ведомстволор аралык комиссия иштеп жатат, анын үстүнө Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүүдө. “Биз М.Бакиевдин Скрябин көчөсүндө жайгашкан жер тилкеси боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын уксак жакшы болмок. Өткөн жумада улутташтырылган объектилер тууралуу маалымат укканбыз, бирок, эмне үчүн бул тилке улутташтырылган объектилердин тизмесине кирбей калганы түшүнүксүз болууда”,-деди депутат.

Ошондой эле, депутат ал жакта кимдер иштеп жатканын, алар салык төлөп жатабы же жокпу ошону текшерүү керек деди.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматы камоодо турган М.Бакиевдин кыймылсыз мүлкүн каттоого алгандыгы үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алууну суранган. Бирок, Т.Сарпашев айыптоолорду четке кагып, Өтмөт башчыдан ведомстволор аралык комиссия иликтөөсүн бүткөнчө аны убактылуу ээлеген кызматынан бошотууну өтүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий