• 88.68
  • 95
  • 0.95

Парламенттин кезексиз жыйыны эртең, 27-февралда чечилет

Саясат 0

Бишкек, 26-февраль /Кабар/. Парламенттин кезексиз жыйыны маселеси эртең, 27-февралда фракция лидерлеринин жыйынында чечилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине депутат Каныбек Иманалиевдин эртең парламенттин кезексиз жыйыны болот деген билдирүүсун жокко чыгаруу менен Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Эртең, 27-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы фракция лидерлерин жыйынга чогултууну пландап жатат, анда кезексиз жыйын маселеси каралат. Азыркы учурда бул маселе боюнча фракциялардын чечими келе элек”,-деп билдирди ЖКдан.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев эртең, саат 13:00до Мегакомдун ишинде коррупция жана алдамчылыкка шектелип жаткан “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кармалуусу боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болот деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий