• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан 2023-2025-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүк кылат

Саясат 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында Кыргызстан 2023-2025-жылдарга Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстанды БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө шайлоо боюнча тышкы саясий тапшырма президент Садыр Жапаровдун өзгөчө көзөмөлүндө болду. Ал БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын жүрүшүндө сөз сүйлөп, дүйнөлүк коомчулукту бул маселеде Кыргызстанды колдоого чакырган. Мамлекет башчысынын бул демилгеси КРнын дипломатиялык кызматы тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылды.

Азия тобунан 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги төрт орун үчүн алты өлкө – Кыргызстан, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея ат салышкан.

Кыргызстандын мындай беделдүү эл аралык органга кезектеги шайлануусу өлкөнүн адам укуктары жаатындагы жетишкендиктери жана анын адам укуктарын, фундаменталдык эркиндиктерди жана демократиялык өнүгүүнү глобалдуу илгерилетүүгө келечектеги салымы дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылышынын далили болду.

Кыргыз Республикасы 2009-2012 жана 2016-2018-жылдарда кеңештин мүчөсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий