• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Педагогдор окуу материалдарын санариптештирүүнү өздөштүрүүдө

Билим 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Колледждер менен лицейлердин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуунун алкагында окуу материалдарын санариптештирүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын окутуучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында квалификациясын жогорулата башташты.

Лекциялык материалдарды жана практикалык тапшырмаларды санариптештирүү, Moodle билим берүү платформасы менен иштөө боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү тренинги М. Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжде болуп өттү.

Катышуучулар курстарды түзүү жана электрондук окуу материалдарын Moodle онлайн плафтормасына жүктөө, Google Дискте электрондук тесттерди иштеп чыгуу, окутуучунун үнүн жаздыруу менен презентация түзүү боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

Ошондой эле башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын окутуучуларына заманбап коомдо баарлашуунун маанилүү каражаты катары электрондук почта, анын мүмкүнчүлүктөрү, иштөөсү жөнүндө маалымат берилди, жаңы электрондук ящикти каттоого, электрондук почта аркылуу билдирүү жиберүүгө жана алууга үйрөнүштү.

Пикир

Оставить комментарий