• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пеле тирүү. Ал ооруканадан чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 16.04.19 /Кабар/. Бразилиянын курамында футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон Пеле ишемби күнү бөйрөгүндөгү таштарды тазалоо операциясынан кийин ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Сан-Паулудагы (Бразилия) Альберт Эйнштейн атындагы оорукананын сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин белгисиз бирөө социалдык тармактар аркылуу атактуу футболчу каза болгону тууралуу маалымат тараткан.

"Бейтап Эдсон Арантис ду Насименту ооруканадан чыгарылды", - деп айтылат аталган мекеменин жетекчиси жана футболчунун дарыгерлеринин колу коюлган документте.

Белгилей кетсек, Пеле Бразилиянын курамында 1958, 1962, 1970-жылдары футбол боюнча дүйнө биринчилигин жеңип алган. Ал Бразилиянын курамында 92 беттеш өткөрүп, 77 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий