• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Санариптик трансформация ЕАЭБдин күн тартибиндеги негизги маселелердин бири

ЕАЭБ 0

Алматы, 01.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Санариптик трансформация бүгүнкү күндө Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) күн тартибиндеги негизги маселелердин бири. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынынын кеңири форматтагы отурумунда билдирди.

Ал белгилегендей, баардык мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу жыйынтык менен колдонуу маанилүү.

“Өзүңөр билгендей, келечекте Бирикменин өнүгүү системасын толугу менен алмаштыра турган санарип чөйрөсүндөгү маанилүү документ кабыл алынган. Санариптик трансформация бүгүнкү күндө Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) күн тартибиндеги негизги маселелердин бири”, - деди ал.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, отурумдун баардык катышуучулары санариптик күн тартиптин алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун механизмдерин бекитүүгө даяр экендиги кубантат.

“Өз кезегибизде баардык күч-аракетибизди жумшап, ушул багытта активдүү иш алып барууга даяр экендигибизди билдирем. Бирок аны менен бирге сунушталган демилгелер баардык тараптардын кызыкчылыгын эске алышы керек”, - деп баса белгиледи Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий