• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент А.Атамбаевдин Кытайга иш сапары ийгиликтүү өттү – А.Субакожоева

Саясат 0

Бишкек, 16-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытайга иш сапары ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Мамлекет башчынын 14-майда Пекинде өткөн “Бир алкак - бир жол” эл аралык кызматташуу форумуна катышты.

“Мында ал маанилүү сөз сүйлөдү. Президент Жибек жолунун экономикалык алкагы көптөгөн өлкөлөргө мүмкүндүктөрдү ача тургандыгын белгиледи. Борбор Азия жана Кыргызстан үчүн бул деңиз жана дүйнө рыногуна чыгууга ачылган жол. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин санариптик Жибек жолун түзүү идеясын колдоду. Бул өңүттө санариптик “Таза коом” улуттук программасын Жибек жолу концепциясына жалгаштырууга даярдык билдирди. Конкреттүү сунуш катары ал Кытайдан Европага Кыргызстан аркылуу байланыш линияларын өткөрүүнү кеңейтүүнүн, ошондой эле электрондук соода жана логистикалык борборлорду түзүүнүн маанилүүлүгүн, белгиледи. Инфраструктуралык долбоорлор катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу белгиленди”, - деди ал.

Мындан тышкары, А.Субакожоева белгилегендей, форум талаасында Алмазбек Атамбаев Казакстан, Россия, Беларусь жана Өзбекстандын лидерлери менен жолугушту. Ошондой эле, Швейцариянын президенти, Венгриянын премьер-министри жана Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директору менен сүйлөштү.

“Бүгүн форумдун жыйынтыгы боюнча Кытай төрагасы Си Цзипньпин менен жолугушуусу өттү. Биздин президент бардык макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мында гранттык жана социалдык долбоорлор тууралуу айтылууда. Кытайдын төрагасы кыргыз тарапты экономикалык өнүгүүнү бекемдетүүдө колдоону улантууга даярдыгын билдирди. Эки өлкөнүн лидерлери Кыргыз-Кытай инвестициялык фондун түзүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий