• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дакка шаарында Авазбек Атаханов Бангладештин тышкы иштер министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Дакка шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов менен Бангладештин тышкы иштер министри доктор Хасан Махмуд жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 22-апрелде орун алып, Кыргызстан менен Бангладештин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биринчи саясий кеңешменин алкагында өттү.

Тараптар кыргыз-бангладеш мамилелеринин абалы боюнча пикир алмашып, алардын мындан аркы мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты.

Авазбек.Атаханов Кыргызстандын делегациясын чакыргандыгы үчүн, ошондой эле көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу үчүн Бангладеш тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Атаханов Кыргызстан кыргыз-бангладеш мамилелерин активдештирүүгө жана эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп бере турган сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле ал, кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өз ара кызматташуунун күн тартибинде турган бардык маселелерди кеңири талкуулаганын канааттануу менен белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык дипломатия жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүгө, ошондой эле укуктук-келишим базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Эки өлкөнүн көп тараптуу уюмдардын алкагындагы жемиштүү өз ара аракеттенүүсү жогору бааланып, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча окшош позициялары жана өз ара түшүнүшүүсү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара сапарлардын динамикасын активдештирүүнү, бийик жана жогорку деңгээлде эки тараптуу түрдүү иш-чараларды, ошондой эле бизнес чөйрөсүндөгү жолугушууларды өткөрүүнү макулдашты.

Бангладештин тышкы иштер министри доктор Хасан Махмуд Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге кызматка дайындалышына жана өлкөдө парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө байланыштуу жолдогон чын ыкластуу куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-бангладеш мамилелерин мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого даярдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий