• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Бишкек мэриясына КР Адвокатурасына имарат берүү маселесин чечүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына КР Адвокатурасына имарат берүү маселесин чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров адвокаттардын II съездинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Өлкө башчысы өз билдирүүсүндө Кыргызстандын адвокаттык коомчулугу бүгүнкү күндө оор күндөрдү башынан кечирип жаткандыгын билдирди. Маселе – адвокатурадагы бышып жетилген көйгөйлөрдү чечүүгө бийликтин убактысы жана каалоосу болбогондугунда эмес.

Жапаров ошондой эле сот реформасын ишке ашыруунун жүрүшүндө укук коргоо жана сот ишине көбүрөөк маани берилгендигине токтолду.

"Ал эми бийлик негизинен адам укуктарын коргоо жана мыйзамдын улуктугун орнотуу боюнча иштеген эл аралык долбоорлор тарабынан эскертилип айтылгандан кийин адвокаттык иш тууралуу эстечү. 2014-жылдын жайында “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иши жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, кайра эле унутта калган", - дейт мамлекет башчысы.

Мисалы, жогоруда аталган Мыйзамдын 31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Өкмөткө Адвокатуранын башкаруу органдарын, анын филиалдарын – аймактык адвокатураларды жана Адвокаттардын окуу борборлорун тиешелүү кызматтык жайларга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилген.

Президент ошондон бери 7 жыл өткөндүгүн эске салды. Бийликтин аткаруу бутагы болсо мыйзамдын бул талабын аткарган жок. Бул багытта биринчи кадамды жасоого убакыт келди.

"Ушуга байланыштуу мен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге шаардык кеңеш менен биргеликте Адвокатура 1975-жылдан бери ижарага алып пайдаланып келген Москва көчөсү, № 90 дарегинде жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечүүнү тапшырдым", - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий