• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент "Чыңгыз-Ордо" музей-комплексинин курулушу пландаштырылган Шекер айылына барды

Президент 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерге барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы "Чыңгыз-Ордо" маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекси курула турган жерди карап чыгып, парк жана музейдин объектилеринен турган болочок комплекстин эскизи менен таанышты.

Долбоор боюнча маалыматты КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жана КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүт дүйнөдө жана анын ичинде Кыргызстанда да быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатканын айтты.

"Кыргызды дүйнөгө „Манас“, анан Чыңгыз Айтматов таанытты. Биз улуу жазуучубуз менен сыймыктанабыз. Бул комплекс „Манас Ордо“ комплексиндей эле руханий жайга айланып, бүт дүйнөдөн улуу жазуучунун талантын урматтаган адамдар келет деп ишенем", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Комплекс курула турган жерде президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Айылдыктар мамлекет башчысынан бул долбоорду ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алып, аны аягына чыгарууну суранышты.

Пикир

Оставить комментарий