• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Күздөгү парламенттик шайлоолор өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчынын айтуусунда, учурда күздө өтчү шайлоого байланыштуу ар кандай күчтөр талкуу жүргүзүп башташты. Мамлекеттик бийликтин социалдык-экономикалык багыттагы максаттардан тышкары саясий да милдеттерибиз бар.

«Ооба, азыр ар бирибиз өзүбүздүн, балдарыбыздын, ата-энебиздин ден соолугун ойлоп, сарсанаабыз. Аны мен түшүнүп, баарын билип турам. Негизги түйшүгүбүз ушул болуп калды. Бир жагынан дары-дармек тартыштыгы, экинчи жагынан дарыгерлерибиз жетишпей, негизги түйшүгүбүз ушул болууда. «Кайдагы шайлоо, кайдагы саясат» деген суроо азыр жөндүү болуп, айрым мекендештерге жагып жатат, анткени кырдаал ошондой болууда да», - деп баса белгиледи президент.

Мамлекет башчысы баардыгы өз убагында аткарылышы керектигин айтып, кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эртеңкини унутууга акыбыз жок деди.

«Ошонубуз менен элбиз, ошонубуз менен укуктук мамлекетпиз. Эгерде биз сыноо болсо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузалы, Конституцияны бузалы деп, башка жолго бургандарды ээрчип кетсек, анда укуктук мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоолор өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт. Мен буга тийиштүү Жарлыкка кол койдум. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштады», - дейт Жээнбеков.

Ал ошондой эле шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өттү, деди.

«Мен кайрылат элем, урматтуу «Ата Мекен» жана «Республика» партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө. Ушул партиялардан шайланып, иштеп келген, иштеп жаткан депутаттарга ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына айтаар элем. Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм. Мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилген эмес. Мекендештериме айтаарым, көпчүлүгүңөр бийликти сындап жатасыңар. Андан да көбүңөр вирус менен күрөшүүгө жардам берип жатасыңар. Эң алдыңкы катарда илдет тарабасын деп чоң иш жасап жатасыңар. Мен сиздердин ушул жаратмандык позицияңарга таазим этем жана саясатчыларды сиздерден үлгү алса дейм», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Президент алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт, - деп баса белгиледи.

«Борбордук шайлоо комиссиясы азыр иштеп жатат. Чыгымдарды азайтат. Бул боюнча тапшырмалар берилген. Өкмөт менен бирдикте пандемия шартында шайлоону өткөрүүнү караштырып жатат. Негизгиси эл саламаттыгына кедергисин тийгизбөө жагын карап жатышат. Буйруса, бардык мамлекеттик органдар, Өкмөт, БШК, жергиликтүү бийлик, мен башында туруп, бардык партияларга, бардык катышкан жарандарга бирдей шарт түзүп беребиз», - деди президент сөзүнүн аягында.

Пикир

Оставить комментарий