• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров гандболчу Талант Дүйшөбаев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн гандбол боюнча машыктыруучу Талант Дүйшөбаев жана анын жубайы Ольга Шишкина менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Талант Дүйшөбаевди мекени — Кыргызстанга келишин жылуу кабыл алып, спортчунун жана машыктыруучунун шыктандыруучу жолун баса белгиледи.

Ал Талант Дүйшөбаевдин ийгилиги жаштарга жана келечектеги спорт чемпиондоруна мыкты өрнөк болорун айтып өттү.

Садыр Жапаров мамлекет спортко өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Алсак, 2020-жылы спорт тармагына каралган бюджет 802 млн сомду түзсө, 2024-жылга бекитилген бюджет 1 млрд 800 млн сомду түзөт.

Президент Кыргызстандын бардык аймактарындагы спорт мектептери үчүн биринчи жолу керектүү спорттук шаймандарды, анын ичинде гандбол топторун, ошондой эле медикаменттерди жана витаминдерди сатып алуу үчүн 60 млн сом бөлүнгөнүнө токтолду.

Гандболдун спорттун түрү катары маанисин айтып, мамлекет башчысы спорттун бул түрүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп өттү. Ал биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан да жакынкы күндөрү ар кандай деңгээлдеги чемпионаттарда өзүн көрсөтө баштайт деген ишенимин билдирди. Садыр Жапаров Талант Дүйшөбаевдин ийгилиги кыргыз элинин ийгилиги экенин чоң канааттануу менен белгиледи. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы спорттук ийгиликтерге жетишүүдө үй-бүлөнүн ролуна көңүл буруп, гандбол боюнча дүйнө чемпиону болгон Талант Дүйшөбаевдин жубайынын да колдоосун айта кетти.

Аягында президент Садыр Жапаров Талант Дүйшөбаевге спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.


Маалымат үчүн: Дүйшөбаев Талант Мушанбетович 1968-жылы Фрунзе шаарында туулган. Ал гандбол тарыхындагы эң күчтүү оюнчулардын бири. Талант Дүйшөбаев 2014-жылдан бери Польшанын “Vive” командасында башкы машыктыруучу болуп иштеп келет. 2017-жылы “Манас” ордени менен сыйланган. Анын үй-бүлөсү да гандбол менен алектенет: анын жубайы Ольга Шишкина гандбол боюнча дүйнө чемпиону, ал эми уулдары Алексей менен Даниил да гандболчулар.

Пикир

Оставить комментарий