• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 26-27-октябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мамлекет башчысы Жалал-Абад шаарынын күнүнө арналган иш-чараларга катышып, бир катар социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү, ички жолдордун абалы, ошондой эле ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Майрамдык иш-чаралар — Аюб-Тоо тоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү (башталышы 14:10дө) жана "Курманбек" стадионундагы майрамдык концерт (башталышы 18:30да) УТРК эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий