• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров Сочиге келди

Президент 0


Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий