• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин администрациясы Жапаров менен Шентоптун жолугушуусу тууралуу үн катты

Саясат 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу боюнча комментарий берди.

«Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынын төрагасы Мустафа Шентоп Кыргызстанга түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) ХI пленардык жыйынына катышуу үчүн келгенине көңүл буруу керек.

Анын президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде парламент аралык өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги талкууланды.

Жолугушууда түрк тарап ФЕТО уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө маселени жалпысынан да козгоду, анын ичинде Кыргызстандагы да.

Бул маселе Түркиянын ички иши экенин эске алып, кыргыз тарап аны эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында талкуулоо зарылдыгын белгиледи», - деди ал.

Белгилей кетсек, Анадолу басылмасы буга чейин Туркиянын Улуу улуттук жыйынынын спикери Шентоп Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда "ФЕТО" уюмунун 2016-жылы 15-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракети жана ал уюмдун башка өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берген. Шентоп көптөгөн өлкө "ФЕТО" уюмунун структураларын Түркияга өткөрүп бергенин билдирген.

Ошондой эле ал "ФЕТО" Түркия менен иштешип жаткан өлкөлөр менен болгон мамилени бузганын айтып, аталган уюмдун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн токтотулушу эки өлкөнүн достугун чыңдоо үчүн зарылчылык экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий