• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин маалымат катчысы мыйзамдарды так сактоого жана анык эмес маалыматты таратпоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев улуттук мыйзамдарды так сактоого жана анык эмес маалыматты таркатпоого чакырды.

Султанбаев "Азаттык Медиа" сайтынын айланасындагы акыркы маалыматтарга байланыштуу комментарий берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар жана боло берерин баса белгиледи.

Эске салсак, Азаттык Медиа” сайты 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес материалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрүп, бүгүн соттук териштирөөлөр токтоду.

"Аталган маселе чоң коомдук талкуу жараткан. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун атына Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун жаңы президенти жана башкы директору Джеффри Гедминден бул туурасында маалымдаган кат келип түшкөн.

Бүгүн экинчи инстанциядагы сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык медианын” ортосундагы тынчтык келишимди бекитти, соттук териштирүүлөр токтоду, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр алынат.

Маселени ушундай жол менен жөнгө салуу ушул жылдын февралында эле мамлекет башчысы менен Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун эми мурдагы президенти жана башкы директору Джейми Флайдын жолугушуусунун жүрүшүндө сунушталган болчу. Тилекке каршы анда баш тартып коюшкан", - деди ал.

Султанбаев билдиргендей, бул өлкөдө эч ким сөз эркиндигин басмырлайын же тигил же бул ЖМКны чектейин деген ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт.

"Бирок бардык жарандар, Кыргызстандын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар — өлкөнүн мыйзамдарына (анык эмес маалыматты таркатууга тыйуу салган) милдеттүү түрдө баш ийиши керек", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий