• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин маалымат катчысы жарандарды көз боёмочулардан сак болууга чакырды (видео)

Коом 0


Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Учурда ар кыл көз боемочулардын мыйзамсыз аракеттери күч алууда, деп билдирет президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов.

Анын айтымына караганда, алар ар кандай шылтоолор менен мамлекеттик органдардын иш-чараларына телефон аркылуу чакырып, акча чогултуп жатканын айрым маданият кызматкерли маалымдашты.

"Ушуга байланыштуу дагы бир жолу коомчулукка кайрылууну туура көрдүк.

Президенттин администрациясы же мамлекеттик органдардын атынан кимдир бирөөлөр иш-чарага чакырып, анан ал үчүн акча сураса – бул алдамчылар деп билиңиздер.

Мамлекеттик кызматкерлер президенттин атынанбы, министрлер кабинетинин төрагасынын атынанбы, же башка кызматтык адамдардын атынан болобу майрамдык иш-чараларга чакырып, сыйлык, наамдарды тапшырууда эч убакта акча чогултпайт.

Эгер сиз менен бейтааныш адамдар байланышып, мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык катары каражат чогултуу маселесин көтөрсө, ошол замат тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылыңыздар.

Телефон аркылуубу же соцтармак аркылуубу ар кандай мыйзамсыз аракеттерге барган алдамчылар, көз боемочулар үчүн мыйзам чегинде тийиштүү жоопкерчилик каралган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий