• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 83 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 11-марттан 17-мартка чейинки аралыкта 22 миң 563 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын ичинде:

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 224;
  • мас абалында унаа башкаруу – 83;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 61;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 873;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 234;
  • автоээнбаштык – 5;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 460;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 622;

Ошондой эле 992 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий